Омаренс

Омаренс

RX

Омаренс зааранын максималдуу агым ылдамдыгын жогорулатат, простата жана уретранын жылмакай булчуңдарын бошоңдотуу менен тоскоолдукту азайтат (ошону менен заараны кармай албоо симптомдорун жеңилдетет).

Нускамаларды жүктөп алуу arrow_forward

Ар бир капсуланын курамында:

Активдүү ингредиент: тамсулозин гидрохлориди 0,4 мг

Кошумча заттар: микрокристаллдык целлюлоза (101-класс), метакрил кислотасынын жана этилакрилат сополимеринин (1:1) 30% аралашмасы, курамында (полисорбат 80 (2,8%), натрий лаурил сульфаты (0,7%)), триэтилцитрат, тальк, гранула кабыгы: метакрил кислотасынын жана этилакрилат сополимеринин (1:1) 30% аралашмасы, курамында (полисорбат 80 (2,8%), натрий лаурил сульфаты (0,7%)), тальк, триэтилцитрат, капсуланын кабыгынын курамы: темир кычкылынын кызылы (E172), титандын диоксиди (E171), темир кычкылынын сарысы (E172), желатин, капсуланын капкагынын курамы: индиго кармин FD&C көк 2 (E 132) 0,00142 мг, темир кычкылынын карасы (E 172), титандын диоксиди (E171), темир кычкылынын сарысы (E 172), желатин.

Заара чыгаруу жолдорунун бузулушу (заара чыгаруунун кыйындашы, никтурия, зааранын алсыз агымы).

1 капсуладан (0,4 мг) күнүнө 1 жолу, эртең мененки тамактан кийин, бүтүн бойдон, чайнабастан.